Оштун мурдагы мэри. Сарыбашов Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болду

Сарыбашов 2015-жылдан 2018-жылга чейин өкмөттүн Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болгон. 2018-жылдан азыркы убакытка чейин Ош шаарынын мэри болуп иштеп келе жаткан.
Sputnik

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik.Таалайбек Сарыбашов Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Өкмөт Алмаз Мамбетовду Ош шаарынын мэринин милдетин аткарууга жөнөттү
Тийиштүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгон.

Сарыбашов 2015-жылдан 2018-жылга чейин өкмөттүн Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болгон. 2018-жылдан азыркы убакытка чейин Ош шаарынын мэри болуп иштеп келе жаткан.

Мыйзам боюнча, Бишкек шаарынын мэрин 11-июлдагы шайлоодон өтүп келген шаардык кеңештин депутаттары шайлайт. Ага чейин өкмөт шаар жетекчисинин милдетин аткаруучуну дайындай алат.