Бишкек мэринин милдетин аткаруучу Кудайбергенов кызматтан кетүү боюнча арыз жазды

Мэрдин милдетин аткаруучу  Кудайбергенов министрлер кабинетинин төрагасынын буйругу чыккыча келечек пландары же кийинки мэр тууралуу эч нерсе айта албай турганын белгиледи.
Sputnik

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов кызматтан кетүү боюнча арызын жазганын Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, арыз 30-июлда жазылган. Бирок министрлер кабинетинин төрагасынын буйругу келе элек. Ошол себептен Кудайбергенов ишти улантууда.

"Азырынча карьераны андан ары улантуу боюнча расмий сунуштар түшө элек. Мен эми жаш эмесмин, тажрыйба көп, билим бар, ошол себептен президенттин командасына керек болсом керек", — деди Кудайбергенов.

Ал министрлер кабинетинин төрагасынын буйругу чыккыча келечек пландары же кийинки мэр тууралуу эч нерсе айта албай турганын кошумчалады.

Эске салсак, Кудайбергенов мэрдин милдетин аткаруучу кызматына ушул жылдын февраль айында келген. Белгилей кетсек, калаа башчысын Бишкек шаардык кеңешине жаңыдан шайланып келген түзүм тандайт.