БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Москва районунун Беловодское айылында жөө адамды сүзүп качып кеткен айдоочу колго түшүрүлдү. Бул тууралуу Чүй облусу боюнча ЖКККББнын маалымат кызматы кабарлады.
Беловодское: жөө адамды өлтүрө сүзүп, андан соң качып кеткен айдоочу кармалды
© Фото / пресс-служба УОБДД по ГУВД Чуйской области
31-июль күнү түнкү саат 3:00 чамасында Беловодское айылынын Фрунзе — Октябрь көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз айдоочу жөө кишини сүзүп, кырсык болгон жерден из жашырган.
"Алган жаракатынын улам 55 жаштагы адам эсине келбей ошол жерден көз жумган. Москва РИИБинин кызматкерлери "Коопсуз шаар" долбоорунун камераларынын жардамы менен 1-августта кырсыкка себепкер деген адамды аныктап, Талас облусунун 33 жаштагы тургунун кармаган", — деп айтылат маалыматта.
Беловодское: жөө адамды өлтүрө сүзүп, андан соң качып кеткен айдоочу кармалды
© Фото / пресс-служба УОБДД по ГУВД Чуйской области
Учурда айдоочу Москва райондук ИИБдин тергөө кызматына өткөрүп берилген, ал эми Mercedes-Benz-512 үлгүсүндөгү автоунаа айып короого токтотулган.