Өкмөт Алмаз Мамбетовду Ош шаарынын мэринин милдетин аткарууга жөнөттү

Мыйзам боюнча, Ош шаарынын мэрин 11-июлдагы шайлоодон өтүп келген шаардык кеңештин депутаттары шайлайт. Ага чейин өкмөт шаар жетекчисинин милдетин аткаруучуну дайындай алат.
Sputnik

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik.Алмаз Мамбетов Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан билдиришти.

Тийиштүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду.

Мамбетов 2016-2019-жылдары Балыкчы шаарынын мэри, 2019-2020-жылдары Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы болуп эмгектенген. Ал эми 2020-жылдын ноябрь айында КР президентинин жана өкмөтүнүн иш башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалган.

Садыр Жапаровдун облустардагы өкүлдөрү дайындалды. Тизме
Мыйзам боюнча, Ош шаарынын мэрин 11-июлдагы шайлоодон өтүп келген шаардык кеңештин депутаттары шайлайт. Ага чейин өкмөт шаар жетекчисинин милдетин аткаруучуну дайындай алат.

Бүгүн мэрияда Мамбетовду жамаатка тааныштырып, мурдагы жетекчи Таалайбек Сарыбашевди узатууга арналган жыйын болуп өттү.

Анда муниципалитеттин кызматкерлери Сарыбашевдин Бишкек шаарынын жетекчиси болуп кетип жатканын айтышты. Бирок бул боюнча азырынча расмий маалымат жок.
Мамбетов журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, алдыда шаар тургундарынын көйгөйлөрүн чечүүгө болгон аракетин жумшаарын билдирди. Өзгөчө жаан-чачындан кийин булганып калып жаткан таза суу маселесин чечүүгө белсенүүдө. Мындан тышкары, ал кадрдык жаңылануулар боюнча суроого "жаңы жетекчинин келиши менен кадрлардын алмашуусу кадыресе көрүнүш" деп жооп узатты.

"Таалайбек Насирбековичке (Сарыбашев — Ред.) деле Бишкекте өз кадрлары керек деп ойлойм", — деди ал.

Ошондой эле Мамбетов учурдагы долбоорлор улана берерин кошумчалады.

Ош шаарын 2018-жылдан бери Таалайбек Сарыбашев башкарып турган.