Атаандашын ай-буйга келтирбей жыккан Акжол. Жарым финалдагы жүрөк толкуткан видео

Акжол биринчи эле бөлүктө тик туруп жасаган мыкты ыкмаларды колдонуп, жеңишти камсыздоого жетиштүү упай топтоп койду.
Sputnik

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Токио Олимпиадасында грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык балбан финалга чыкты.

Ал жарым финалда армениялык Карапет Чалянды 6:2 эсеби менен утту.

Акжол биринчи эле бөлүктө тик туруп жасаган мыкты ыкмаларды колдонуп, жеңишти камсыздоого жетиштүү упай топтоп койду. Башында кыргызстандык балбандын чабал аракети үчүн атаандашы бир упай алып, андан соң калыс Акжол Махмудовду партерге коюп берди. Чалян көтөрүүгө аракет кылганда кыргызстандык балбан контрчабуул жасап, өзүн басып түштү. Бул үчүн Акжолго эки упай берилди. Кийин армениялык спортчуну партер абалына койду. Албетте, Акжол мындай мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай көтөрүп чаап, төрт упай алды. Чалянга тегерек чийинден качып чыгууга аракет кылганы үчүн эскертүү берилип, аны кайра партерге койду. Дагы бир ирет партер берилди эле көтөрүүгө жетишпей калды.

Былтыр 14:0 менен жеңилген. Айсулуунун алгачкы каршылашынын таржымалы
Ал эми экинчи бөлүктө Акжол көп чабуул жасабай, мыкты коргонууга өттү. Мелдештин бүтөрүнө аз калганда армениялык балбан килемден түртүп чыгып бир упай алды.

Натыйжада Махмудов Чалянды 6:2 эсеби менен жеңип, финалга чыкты. Эми ал алтын медаль үчүн күрөшөт.

Кырызстандык балбан 77 килограмм салмак категориясы боюнча ат салышууда. Буга чейин Тунис өлкөсүнөн барган Ламджед Маафини (11:0) жана азербайжандык Рафиг Гусейиновду (9:1) мөөнөтүнөн мурда жеңип алган.

Акжол Махмудов 22 жашта, эл аралык класстагы спорт чебери. Азия чемпиону жана Азия оюндарынын күмүш медалынын ээси. Апрель айында Алматыда өткөн турнирде Токио Олимпиадасына жолдомо уткан.