Сүйүнчү! Кыргыз балбаны Акжол Махмудов Олимпиаданын финалына чыкты

Кыргызстандык спортчу чейрек финалда азербайжандык Рафиг Гусейиновду, ал эми баштапкы этапта тунистик Ламджед Маафини мөөнөтүнөн мурда жеңип алган.
Sputnik

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Кыргызстандык грек-рим күрөшүнүн балбаны Акжол Махмудов Олимпиада-2020 мелдешинин финалына чыкты. Ал жарым финалда армениялык Карапет Чалянды артыкчылык менен утту.

Беттеш 6:2 менен аяктады.

Былтыр 14:0 менен жеңилген. Айсулуунун алгачкы каршылашынын таржымалы
Акжол биринчи эле бөлүктө тик туруп жасаган мыкты ыкмаларды колдонуп, жеңишти камсыздоого жетиштүү упай топтоп койду.

Кыргызстандык спортчу чейрек финалда азербайжандык Рафиг Гусейиновду (9:1), ал эми баштапкы этапта тунистик Ламджед Маафини 11:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип алган.

Эми ал финалда Олимпиада-2020 медешинин алтын байгеси үчүн венгриялык Тамаш Леринц менен таймашат. Финалдык беттештер эртең болот.