БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Кырызстандык балбан Акжол Махмудов Олимпиада оюндарында грек-рим күрөшүнөн чейрек финалдык мелдеште азербайжандык Рафиг Гусейиновду утуп алды.
Ал 77 килограмм салмак категориясында чыгып, атаандашын 9:1 эсебинде жеңди. Акжол Махмудов атаандашын таза артыкчылык менен утту.
Кыргызстандык балбанды атаандашы башында килемден түртүп чыгарып, бир упай алган. Андан соң ал чабал аракет жасаганы үчүн партер берилди. Бул учурда Акжол эки ирет көтөрүп чаап 7 упай алды. Андан көп өтпөй эле дагы бир ыкма жасап, көтөрүп чапты. Натыйжада 9:1 эсеби менен мөөнөтүнөн мурда жеңишти камсыздады.
Акжол эми Олимпиаданын жарым финалында армениялык Карапет Чалян менен кармашат.