Акаев сурактан кийин Кеминге барып, агаларына куран окутат

Акаев журналисттерге берген маегинде Кыргызстанда бир жума жүрүп, андан кийин кайра Москвага кетерин айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Тунгуч президент Аскар Акаев УКМКга сурап берип чыккандан кийин дүйнөдөн өтүп кеткен агаларына куран окутат. Бул туурасында мурдагы мамлекет башчынын саясий үзөңгүлөшү Бекболот Талгарбеков журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, бүгүн улуу агасы Болот Акаевдин үйүнө барып куран окутат. Ал эми эртең Кеминге барып улуу агасы Асанкул Акаевге куран түшүрөт.

"Анын келиши Кыргызстандагы саясий абалга эч кандай таасир этпейт. Себеби Акаев 16 жылдан бери эч кандай саясат менен алектенбейт. Эч бир саясий күчтөр же саясий лидерлер менен байланышы жок. Бир гана элибиздин ынтымагынын чыңалышына, биримдикке умтулушуна оң таасирин тийгизет", — деди Талгарбеков.

Андан соң Акаев өзү да сурактан чыгып журналисттерге маек берип, Кыргызстанда бир жума жүрүп кайра Москвага кетерин айтты.