Түркияда докторантурада окуган Жаңылбүбү: курутта да зыяндуу бактериялар бар

Ветеринар-дарыгер Жаңылбүбү Маматова учурда Стамбул университетинин медицина илимдери институтунда тамак-аш гигиенасы жана технологиясы бөлүмүндө докторантурада билим алууда.
Sputnik

Мал доктур болуп иштейм деп элестеткен Жаңылбүбү Маматова чет өлкөдө билим алып жатканда ветеринариянын башка да мүмкүнчүлүктөрү бар экенин билгендигин  Sputnik Кыргызстан агенттигинде маек берип жатып айтып берди. 

Түркияда докторантурада окуган Жаңылбүбү: курутта да зыяндуу бактериялар бар

— Алгач ушул кесипке кантип келип калганыңыз кызык. Анткени бизде ветеринария, техника, инженерия тармагында кыздардын иштөөсүнө стереотиптер бар эмеспи. Сиз дал ушул ветеринария тармагында адистикке ээ болуп, ал тургай докторлукту да жактап жатыптырсыз...

— Негизи башында Кыргыз-түрк "Манас" университетинин мейманкана иштери бөлүмүнө тапшыргам. Өзүм Талас облусунун Кызыл-Адыр айылында чоңойгом. Кадимки айылдык мектепте окуп, түрк тилин үйрөнгөн эмесмин. Ошондуктан университетте алгач даярдоо курсун окудум. Аны бүтүрүп, жайкы эс алууда иштеп акча табуу жана кесибим менен жакындан таанышуу максатында Көлгө баргам. Пансионатта иштеп жүрүп, Ысык-Көл районунун ветеринардык дарыгери менен таанышып калдым. Ал киши өзүнүн кесибин түшүндүрүп, совет убагындагы ветеринария менен азыркы абалды салыштырып көп нерсеге кейиди. Ошол убакта туризм тармагында иштөө мен үчүн аябай оор болуп жаткан. Себеби бир жумада жети күн 24 саат бою иштеп жаттык. Анан "жаш кезимде ушинтип иштеп жатабыз, кийин турмуш курганда өтө эле кыйын болсо керек" деп аябай ойлондум. Ошентип Каракол шаарына барып, ветеринария тармагында окуу үчүн кайрадан каттоодон өттүм. Бирок кесибимди алмаштыргандыгымды эч кимге айтпадым. Экзамен болгон учурда жумуштан бир-эки күнгө суранып, даярданбай эле барып өтүп кеттим. Кийин ветеринар болорумду айтсам, үйдөгүлөрдүн баары каршы чыгышты. "Бул кесип кыздар үчүн эмес. Кийин айылга келип иштейсиңби? Тоодо жүрүү кыйын, жылкы тепсе эмне кыласың?" деген да суроолор болгон (күлүп). Чынында биздин айылдагы ветеринарды жылкы башка тээп майып болуп калган эле. Атам 2-курска чейин айнытып жүрүп, кийин унчукпай калды. Башында менин да ветеринария боюнча түшүнүгүм тар болчу. Бирок улам терең билим алган сайын кенен тармак экенин түшүндүм. Ветеринария — малды дарылоодон баштап, айыл чарбаны өнүктүрүү, генетика, жаныбарлардан алынган тамак-аштын курамын изилдеп аныктаган чоң тармак. Жадагалса учактарды тамак-аш менен камсыздаган кейтеринг компанияларынын гигиенасын, алардын тамактарынын курамын, жасалышын, сактоо температурасын да ветеринарлар аныктайт. Азыр космосту, Марсты изилдеп, ал жакка адамдар учуп жатат. Алардын тамагын космос шартына ылайыктуу жасоо технологиясын иштеген ветдарыгерлер да бар.

Түркияда докторантурада окуган Жаңылбүбү: курутта да зыяндуу бактериялар бар

— Ветеринария тармагында көйгөйлөр абдан көп. Сиз дипломдук ишиңизди кайсы темада жактадыңыз жана азыр Стамбул университетинде докторлук диссертацияңызда кандай маселелерди изилдеп жатасыз?

— Медицина тармагындагылар көбүнчө диплом жазбайт, практикага көңүл бурабыз. ЖОЖду аяктаар алдында бизге ар кандай долбоорлор берилген. Мен бардык талаптарга жооп берүүчү, толук шарты менен касапкананын долбоорун даярдагам. Ветеринарияда гинекология, хирургия жана терапия деген үч бөлүмү бар жана экзамен тапшырабыз. Операция да жасадык. "Манас" университетине караштуу ветеринардык клиника бар. Ал жакка келген бир жаныбарды тандап алабыз. Операциянын жүрүшүндө окутуучубуз карап турат. Ал унчукпай байкайт. "Ушул кан тамырды кесип жатам, себеби...", - деп ар бир жасаган кыймылыңа комментарий берип турасың. Ошого жараша экзаменде баа алабыз. Докторантурада окуп, илим алууну улантуу максатын 3-курста койгом. Ал учурда Анкара университетине барып, студенттерди алмашуу демилгеси менен бир жыл окудум. Ветеринария боюнча жаңылыктарды, заманбап технологияларды көрдүм. Бул тармак абдан өнүккөн. Кийин окууну аяктап барганда окуу шарттары боюнча Стамбул университети көбүрөөк жаккандыктан тандап алдым. Эт азыктарынан жана сүт азыктарынан жасалган тамак-аштардын эл аралык стандартка туура келген технологияларын окуп үйрөнүү менен экспортко байланышкан мыйзамдарды да өздөштүрөбүз. Бир азыкты чет мамлекетке экспорттоонун да өзүнчө юридикалык жол-жобосу бар. Тилекке каршы, Кыргызстанда эл аралык стандарттарга төп келген сертификаттар жок. Евразия экономикалык союзуна киргенбиз, бирок анын мүмкүнчүлүктөрүн толук кандуу колдоно албайбыз. Анын бир себеби биздеги заманбап лабораториялардын жоктугу. Кээде Кыргызстандан экспортко кеткен жашылча-жемиш чирип же үшүп кеткендиктен кайра артка жиберилгендигин жаңылыктардан окуп калуудабыз. Эгер жогорудагыдай экспорттун талабына жооп берген эл аралык деңгээлдеги сертификат жана шарт болсо, андай болмок эмес.

— Азыр кандай илимий иш менен алексиз?

Невроз, энурез, аутизмге жардам берет. Биоакустикалык коррекциянын күнгөй-тескейи
— Түркияда учурда TUBITAK долбоорунун негизинде тамак-аш, сүт азыктарынан жуккан бактериялык ооруну тез арада аныктай турган тесттин үстүнөн иштеп жатам. Билимим Кыргызстанга да пайдасын тийгизсин деген максатта теманы мекенибизге байланыштырып тандап алдым. Темам кадимки сүт азыгы — курут. Кыргызстандын жети дубанындагы базарларда сатылган куруттарды топтоп алдым. Себеби курутту аябай эле көп колдонобуз. Бирок базарда, көчөдө үстү ачык эле сатылып, атайын баштыктары жана технологиясы жок. Ошондуктан колун жуубай, гигиенаны сактабай жасагандар бар. Бул адамдардын ден соолугуна терс таасирин тийгизип коёт. Анын биохимиялык курамы текшерилет. Бизде куруттун түрү бар. Мисалы, май кошулган, жемиш кошулган таттуу куруттар, чөбөгө менен жасалган куруттар. Жемиш кошулганда куруттардын даамы жана бактериялык курамы да өзгөрөт. Муну изилдеп макала жазам, мындан маселе жаралат. Кыргызстанда куруттун технологиясы болсо, аны таанытып, чет өлкөгө экспорттоп пайда көрсөк болмок.

Түркияда докторантурада окуган Жаңылбүбү: курутта да зыяндуу бактериялар бар

— Курутту изилдеп жатып эмнелерди байкай алдыңыз?

— Курут туздуу болгондуктан тузда жашаган дифтерия өңдүү бактериялар бар. Ошондой эле курутту ыштап да сатышат. Аны жакшы көрүп жейбиз, бирок андан дифтерия бактериялары жугат. Анан да дааратканага барып келип, колун таза жуубай курут жасагандан да ар кандай бактериялар пайда болот. Дифтериянын коркунучу - абдан катуу ууланып же кош бойлуу аялдар бойдон алдырууга аргасыз болушу мүмкүн. Ал эми бактериянын дозасы көбүрөөк болсо адамдын өмүрүн да алып коюшу ыктымал.

— Түркияда ветеринария тармагы, азык-түлүк коопсуздугу маселеси кандай жолго коюлган? Ошол эле гигиенаны сактоо шарттары, технология жааты...

— Алда канча жакшы. Үстү ачык сатылган заттар өтө эле аз. Сейрек кездешет. Түркия Европа союзуна киребиз деп бардык стандартты талапка ылайыктап жатышат. Бирок мамлекет өнүккөн сайын аткезчилик жол менен товар ташуу, жасалмалуулук жолдору да өнүгөт экен. Бизде сүт фермалар аз болгондукта, эртең менен сүт алчулар элден чогултуп кетишет эмеспи. Бул жакта деле борбордук эмес аймактарда ошол көрүнүш бар. Бирок сүттү алып жатканда атайын аппарат менен текшерип туруп алышат. Сүттүн курамындагы бактерия белгилүү өлчөмдөн көбөйүп кетсе жараксыз болуп калат. Анткени андан сыр же дагы башка азыктарды жасаганга болбойт. Ошондуктан айрымдар акча көрүү үчүн бузулган сүтүн жашырып, белизна же йод тамчылатып коюшат.

Түркияда докторантурада окуган Жаңылбүбү: курутта да зыяндуу бактериялар бар

— Кыргызстанды органикалык таза продукцияларды өндүрүүгө ылайыктуу өлкө, кулачыбызды жайып эл аралык аренага чыксак болот деп жатышат. Чынында эле Европа союзуна да мүчөбүз. Кантип чыгууга болот?

— Албетте, чыксак болот. Себеп дегенде Кыргызстан экологиялык жактан алып караганда завод, фабрика аз, таза өлкө. Тоо жайыттарын туура пайдаланып, органикалык азыктарды өндүрүп, өнүктүрүүгө болот. Биздеги жашылча-жемиштин даамы сонун. Мисалы, Түркияда сабиздин даамы да, жыты да жок. Кагаз жегендей эле болом. Бирок экспорт иштеринде бизде жогорудагыдай сертификаттар болушу керек.

— Эми ишмердүүлүгүңүзгө токтолсок. Жаныбарларды дарылап, клиникада операция жасап жүрөсүз. Алар адамдардай бул жерим ооруйт деп айта албайт. Операция жасоодо кызыктуу учурлар да болсо керек?

Кыргыздар бели ооруса эле карыдым дейт. Спорт дарыгеринин кызыктуу маеги
— Бул жакта башкача жаныбарларды баккандар бар. Мисалы, жылан, уулуу жөргөмүштөрдү, мыйзамсыз болсо да алакандай болгон чөнтөк маймылдарды жана лама менен пони багышат. Ооруп калса клиникага алып келишет. Булардын кан айлануу системасы кескин айырмаланып турат. Ошондуктан фармакологияны кайра караганга мүмкүнчүлүгүң болот. Биз "Манас" университетинде окуганда негизинен үй жаныбарларын үйрөнгөнбүз. Экзотикалык жаныбарлардын анатомиясын үйрөнүү үчүн билимди тереңдетип, ал багытта магистратурада же докторантурада адистешип окуу керек. Биохимиялык лабораторияга бөйрөк, жүрөк оорулары бар жаныбарларды алып келишет. Бөйрөгүндө таш бар экендигин заңындагы кристаллдардан аныктайбыз. Врачтар кристаллдарга жараша дарылоо протоколун жазып берет. Өткөн жылы бизге кадимкидей чоң питон жыланды алып келишти. Аны Стамбулдун тургуну үйүндө багат экен. Тамак жебей эле солуп жатып калыптыр. Текшерип, операция жасап, ичинен байпак алып чыктык.

Түркияда докторантурада окуган Жаңылбүбү: курутта да зыяндуу бактериялар бар

— Кыргызстанга келсеңиз кайсы тармакка салым кошмок элеңиз?

— Биздеги жаныбарларга жасаган мамилени өзгөрткүм келет. Жөнөкөй эле ит-мышыктарды короо кайтаруучу катары карайбыз. Иттердин көбөйүүсүн азайтуу үчүн ит атарлар кичине балдардын көзүнчө деле атып кетишет. Бул балага да психологиялык жактан сокку . Жөн гана бычып койсо же ооруларга каршы вакцина жасаса болот. Кыргызстанга айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча адистер да керек. Бизде чет элде билим алган жаштар көп. Бирок улуу муундар, мурдагы адистер аларды колдоого албайт. Анткени өлкөдө саясат алдыңкы орунга чыгып кетип, алар ошол оюндарды жүргүзүү менен алек. Көптөгөн жаштардын мыкты долбоорлору бар, бирок колдоо жок алар ишке ашыра алышпайт.

Маекти толугу менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин радиосунан уксаңыздар болот:

Түркияда докторантурада окуган Жаңылбүбү: курутта да зыяндуу бактериялар бар