Өзбекстан парламенти милдеттүү түрдө эмдөөдөн өтүү боюнча мыйзам кабыл алды

Өзбекстанда калкты коронавирустан коргоо үчүн өлкө парламенти жаңы мыйзам кабыл алды. Эми ага президенттин кол коюшу күтүлүп жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Өзбекстандын парламенти калктын көпчүлүк бөлүгүн эмдөөдөн өтүүгө милдеттендирген мыйзамды колдоп берди. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.

Бул документ жумуш берүүчүлөргө мындан ары коронавируска каршы вакцина алуудан баш тарткан кызматкерлерди иштен четтетүүгө мүмкүндүк берет.

"Вакцина алууга медициналык каршы көрсөтмөлөр жок болгон учурда эмделүүдөн баш тарткан жарандар иштей албайт. Эми бул документке президенттин гана кол коюусу күтүлүп жатат", — деп айтылат кабарда.

Маалыматка караганда, буга чейин өлкөдө "Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жөнүндө" мыйзам болгон. Бирок анда кайсы бир инфекцияга каршы вакцина алуудан баш тарткандар кантип жазаланары көрсөтүлгөн эмес. Мындан ары эмделгиси келбеген жарандар эч жакта иштей албай калышат.