Россияда мигранттардын экзамен берүү шарттары өзгөрдү

Россия мигранттардан экзамен алуу жана документтерин жалпы маалыматтык системага киргизүү боюнча эрежелерге өзгөртүүлөрдү киргизди.
Sputnik

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Россияда мигранттардан экзамен алууга байланыштуу бир катар токтомдор күчүнө кирди. РИА Новости агенттигинин жазганына караганда, мындан ары орус тили, тарых жана өлкө мыйзамдары боюнча экзамендин материалдары үч жылга чейин сакталат.

Россия мигранттарды кабыл алуу жол-жобосун жөнөкөйлөтөт 
"Орус тили, тарых жана РФтин негизги мыйзамдары боюнча экзамен алуу тартиби жана материалдарды сактоо" токтомуна ылайык, мигрант берген экзамендин жыйынтыгы сертификат алган күндөн тарта үч жыл сакталып, андан кийин жок кылынат.

"Квалификация жана билим алгандыгы тууралуу документтердин федералдык реестри жөнүндө" токтом боюнча, мигранттын документтери жалпы маалыматтык системага киргизилиши зарыл.

Ал эми "Орус тили, тарых жана РФтин негизги мыйзамдары боюнча экзамен алуунун баасы тууралуу" токтомго ылайык, мигранттар убактылуу жашоого уруксат алуу үчүн орус тилинен экзамен тапшырууга эң көп дегенде 5,9 миң рубль төлөшү керек. Ал эми ишке орношуу же патент алуу үчүн орус тилинен экзамен тапшырса баасы 3,8 рубль болот.