Кыргызстанда кылмыш жасоо көбөйүүдө. Адам өлтүрүү фактысы 26 пайызга өстү

Январь-июнда республика аймагында 23,5 миң кылмыш катталып, 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 1,5 эсеге көбөйгөн.
Sputnik

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Кыргызстанда жыл башынан бери кылмыштуулуктун саны кескин өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети Башкы прокуратуранын берген маалыматына таянып билдирди.

Ага ылайык, январь-июнда өлкө аймагында 23,5 миң кылмыш катталып, 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 1,5 эсеге көбөйгөн. Ал эми жоруктардын саны 12 миңге жетип, былтыркыдан дээрлик 30 пайызга өскөн.

Кыргызстандагы эң криминалдашкан аймактар. Жаңыланган рейтинг
Кылмыштардын басымдуу бөлүгү (61 пайызы) Бишкек шаары менен Чүй облусунда жасалганы белгиленет. 2 миңден ашыгы же 11,6 пайызы оор жана өзгөчө оор кылмыштарга туура келген.

Түрлөрү боюнча жеке менчикке каршы кылмыш көбөйгөн. Былтыркыга караганда 1,6 эсеге, анын ичинде алдамчылык – 2,1 эсеге, уурдоо - 1,5 эсеге, тоноо 24,5 пайызга жогорулаган.

Адам өлтүрүү 26, зордуктоо жана зордуктоо максатында кол салуу 34, ден соолукка анча оор эмес зыян келтирүү 6 пайызга көбөйгөн.

Ал эми кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу 36, ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же чыгымдоо учурлары 2,2 эсеге жана паракорлук 1,4 эсеге өскөн.