Акжол, Мээрим, Үзүр. Кыргызстандык балбандардын алгачкы атаандаштары аныкталды

Бүгүн кыргызстандык балбандар чүчү кулак кармашкан. Алар эртең, 2-августта, саат 08:00дө килемге чыгат.
Sputnik

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Токиодогу Олимпиада оюндарында күрөш боюнча 2-августта килемге чыга турган кыргыз балбандарынын алгачкы атаандаштары аныкталды. Бул тууралуу Кыргызстандын күрөш федерациясынын маалымат кызматы кабарлады.

Бүгүн балбандар чүчү кулак кармашкан. Алар эртең, 2-августта, саат 08:00дө килемге чыгат.

Грек-рим күрөшүнөн 77 килограмм салмак категориясы боюнча катышып жаткан Акжол Махмудов Тунистин балбаны Ламджед Маафи менен кармашат.

Көтөрүп чапты! Айпери Медет кызынын олимпиада чемпионун жеңген видеосу
68 килограмм салмак категориясы боюнча Мээрим Жуманазарова болгариялык Мими Христова менен күрөшөт. Анын атаандашы 28 жашта, 2020-жылы Европанын чемпиону болгон. 2016-жылы өткөн Олимпиаданын катышуучусу.

97 килограмм салмак категориясы боюнча Үзүр Жузупбеков армениялык Артур Алексанян менен беттешет. Ал дүйнөнүн үч жолку чемпиону, 2016-жылкы Олимпиаданын чемпиону.