Банктарда аралыктан идентификациядан өтүү системасы жеңилдейт. Долбоор

Былтыркы жылдын май айында жеке тараптарга банктардын кызматын колдонуу үчүн аралыктан туруп идентификациядан өтүүгө уруксат берилген. Эми мындай шартты жеке ишкерлерге түзүү сунушталууда.
Sputnik

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Улуттук банк ишкерлерге коммерциялык банктардан идентификациялоону аралыктан тейлөө режиминде өтүүгө уруксат берүүнү сунуштап жатат. Токтом долбоору мекеменин сайтына жарыяланды.

Маалыматка караганда, кардарларды аралыктан идентификациялоо жана верификациялоо боюнча чечими өткөн жылдын 13-майында кабыл алынган.

"Бирок бул жерде жеке тараптар тууралуу гана айтылып жатат. Эми кардар катары жеке ишкерлерди дагы эсептөө сунушталууда", — деп айтылат бидирүүдө.

Долбоор банктык кызматтарды көрсөтүү үчүн кардарларды аралыктан идентификациялоо жана верификациялоо боюнча минималдуу талаптарды кеңейтүү максатында иштелип чыккан.