Финалга чыга албай калды. Айпери Олимпиаданын коло байгеси үчүн күрөшөт

Кыргызстандык балбан кыз чейрек финалда россиялык, ал эми баштапкы этапта казакстандык атаандаштарын артыкчылык менен уткан.
Sputnik

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Кыргызстандык Айпери Медет кызы кыз-келиндер күрөшү боюнча Олимпиаданын жарым финалында атаандашынан утулуп калды. Беттешти КТРК Спорт каналы түз алып көрсөттү.

Ал америкалык спортчу Аделина Мария Грей менен таймашып, 2:3 эсебинде артта калды. Айпери Медет кызы эми Олимпиаданын коло байгеси үчүн күрөшөт. Мелдеш эртең, 2-августта, өтөт. 

Айпери чейрек финалда россиялык олимпиада чемпиону Наталья Воробьеваны 12:0 эсебинде таза техникалык артыкчылык менен утуп жарым финалга чыккан. Ал эми баштапкы этапта казакстандык Элмира Сыздыкованы 8:1 эсебинде жеңген.