Көтөрүп чапты! Айпери Медет кызынын олимпиада чемпионун жеңген видеосу

Кармашта Айпери Медет кызы атаандашына мүмкүнчүлүк берген эмес. Алгач буттан чалып килемге жыкса, экинчисинде белден кармап кулаткан.
Sputnik

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Бүгүн, 1-августта, кыргызстандык балбан кыз Айпери Медет кызы Олимпиаданын чейрек финалында россиялык Наталья Воробьеваны утуп, жарым финалга чыкты.

Мелдештин видеосу Sputnik Кыргызстан агенттигинин Telegram каналына жарыяланды.

Анда көрүнүп тургандай, кыргызстандык балбан россиялык атаандашын буттан алып, килемге көтөрүп чапкан. 76 килограмм салмак категориясында ат салышып жаткан Медет кызы чейрек финалда олимпиада чемпионуна мүмкүнчүлүк бербей, аны 12:0 эсебинде утту.

Буга чейин ал 6:1 эсебинде казакстандык каршылашын жеңген. Жарым финалда Медет кызы дүйнөнүн беш жолку чемпиону, америкалык Аделина Мария Грей менен кармашат.