ЖМК: талибдер Афганистандын Герат шаарынын борбордук райондорун баса баштады

Согушкерлердин басып алуу аракетинен улам Герат шаарынын жүздөгөн жашоочулары үйлөрүн таштап кетип жатканы айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. "Талибан" кыймылынын согушкерлери Афганистандын Герат шаарынын борбордук райондорун көздөй жылып баштады. Бул тууралуу РИА Новости Афганистандын телеканалдарына таянып кабарлады.

Өлкөнүн коопсуздук кызматындагы ишенимдүү маалымат булактары маалымдагандай, Герат шаарынын 17 районунун бири гана өкмөттүк күчтөрдүн көзөмөлүндө.

"Эки күндүк салгылашуунун жыйынтыгында талибдер шаардын түштүк бөлүгүндөгү Малан көпүрөсүн басып алышкан. Согушкерлердин мындай аракетинен улам Герат шаарынын жүздөгөн жашоочулары үйлөрүн таштап кетип жатышат. Ал арада Афганистандын Коргоо министрлигинин өкүлү Фавад Аман Twitter баракчасы аркылуу шаардын айланасында кырдаал турукташып калганын айткан", — деп жазылат маалыматта.

Эскерте кетсек, июнь айынан бери Афганистанда өкмөттүк күчтөр менен "Талибан" кыймылынын ортосунда тирешүү жүрүп келет. Согушкерлер өлкөнүн айыл жерлериндеги көптөгөн аймактарын ээлеп, чоң шаарларга кол сала баштаган.

Афганистандагы туруксуз абал АКШ администрациясы 11-сентябрга чейин афган жеринен аскерлерди чыгарып кетүү убадасынан кийин курчуп жатат.