Валентина Шевченко кайрадан World MMA Awards сыйлыгына көрсөтүлдү

Шевченко бул сыйлыкка биринчи жолу былтыр көрсөтүлгөн. Быйыл дагы "Жылдын мушкер айымы" номинациясында бир катар белгилүү спортчулар менен ат салышат.
Sputnik

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Кыргызстандан чыккан UFC чемпиону Валентина Шевченко беделдүү болгон эл аралык World MMA Awards сыйлыгына кайрадан көрсөтүлдү.

Сыйлык берүүчүлөрдүн расмий сайтындагы маалыматка ылайык, кыргызстандык спортчу "Жылдын мушкер айымы" номинациясында ат салышууда. Бул категориядагы атаандаштары Маккензи Дерн, Кайла Харрисон, Роуз Намаюнас жана Манон Фиоро болмокчу.

Валентина Шевченконун кезектеги атаандашы аныкталды
Шевченко бул сыйлыкка биринчи жолу көрсөтүлүп жаткан жок. 2020-жылы "Жылдын мушкер айымы" жана "Жылдын эл аралык аренадагы мушкери" категориясында номинант болгон

World MMA Awards сыйлыгы Fighters Only журналы тарабынан 2008-жылы негизделген. Ага 22 категория камтылып, мыкты мушкерлер эле эмес, элдин эсинде калган нокауттар, беттештер, спорттук залдар, ТВ-программалар жана маалымат агенттиктери тандалат. Жеңүүчүлөр күйөрмандардын добушу менен аныкталат.

Спорттук иш-чаранын так убактысы жакында белгилүү болот.