Чекчейип, кемшейип, чочуп... Токио Олимпиадасындагы атлеттердин эмоциясы

Sputnik

Токиодогу мелдешти ондогон мамлекеттен барган оператор жана фотографтар чагылдырууда. Коронавируска байланыштуу күйөрмандардын аздыгынан да ЖМКнын көңүлү спортчуларга көп бурулуп жатканы анык.

Сүрөт түрмөктөн атлеттердин машыгууда жана мелдеш маалында ой-толгоолору жана эмоцияларын, ошондой эле күлкүлүү жана кызыктуу учурлардагы кебетелерин көрүүгө болот.

1 / 16
Венгриялык суучул Кристоф Милак баттерфляй ыкмасы менен 200 метр аралыкка сүзүп Олимпиада чемпиону болгон. Ал медаль алуу аземинде колундагы гүлүн бир башкача караганы менен эсте калды
2 / 16
Португалиянын дарбазачысы Густаво Капдевиль менен Швециянын оюнчусу Лукас Пеллас гандбол мелдешинде топ талашып жаткан кез
3 / 16
Сунулган колдор... Волейбол турнириндеги эң жоопкерчиликтүү учурда польшалык үч спортчу тең топту уруп өткөрүүгө аракет кылууда
4 / 16
Кайыкта жарышкан британиялык спортчу Брэдли Форбс-Крайанс оң тарабынан коркуткандай караганы тартылып калган
5 / 16
Кайрадан венгриялык суучул Милак. Фотографтар анын эле аркасынан жүргөндөй
6 / 16
Адатта интернет колдонуучулары бийиктен секирген же катуу ылдамдыкта чуркап бараткан спортчулардын бетинен мемдерди ойлоп табышат. Бул сүрөттөр да жаңы мемдерди пайда кылса керек
7 / 16
Фотограф Венгриянын гандболисти Жужанна Томоринин мурдуна атаандашынын буту тийип кеткен учурду тартып алган. Спортчу жабыркаган эмес
8 / 16
Үч башка эмоция менен түшкөн Италиянын суучулдары
9 / 16
Даниялык гандболчу Лассе Андерссон оюн учурунда бутунан жаракат алган. Ал оюнду ушинтип кабагын салып, жатып алып көргөн
10 / 16
Россиялык суучул Евгения Рылованын мышыктын тумшугу түшүрүлгөн бет кабы да кызыгууну жаратты
11 / 16
Дагы бир италиялык суучул Томас Чеккон. Ал сүзүп баратып дем алууга үлгүрүп жатканын байкоого болот
12 / 16
Секирсе өрүлгөн эки чачы эки жакка кеткен спортчу кыз
13 / 16
Суу үстүндөгү күрөш. Сербиялык ватерполчу Дусан Мандич казакстандык Мурат Шакеновдон топ талашууда.
14 / 16
Россиялык волейболчу Светлана Холомина бир командадагы Надежда Макрогузованы алкоо иретинде жамбашка чапкан
15 / 16
Корей спортчу Ли Сан Сунун көз жагынан теннистин тобу өтүп бараткан учурду фотограф кармап калган. Бир караган киши көзүнө эмне болгон деши мүмкүн.
16 / 16
Япониялык софтболчу Ю Ямамото топту кармап баратып спорттук аянтчадан ары ашып кеткен