Таластын Шекер айылында "Чыңгыз-Ордо" комплекси курулуп жатат. Сүрөт

Өкмөт башчы аталган долбоордун маанилүүлүгүн белгилеп, курулуш иштерин бекитилген долбоорго ылайык жүргүзүүнү тапшырган.
Sputnik

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Талас облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Шекер айылындагы "Чыңгыз-Ордо" тарыхый-маданий комплексинин курулушу менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы кабарлады.

Өкмөт башчы аталган долбоордун маанилүүлүгүн белгилеп, курулуш иштерин бекитилген долбоорго ылайык жүргүзүүнү тапшырган.

"Бүгүнкү күндө арка жана тышкы жарыктандыруу устундары орнотулуп, автоунаа токтотуучу жайдын жана стеланын курулушу жүрүүдө, "Жер-Эне" объектисинде бетондоо, граниттик плиталар менен жылмалоо иштери жыйынтыкталган", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Марипов келерки жылы курулушту улантуу үчүн калган сумманы бөлүү маселеси караларын билдирген.