БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Буэнос-Айрес (Аргентина) провинциясынын Саламаттык сактоо министрлигинин изилдөөсү "Спутник V" препаратын башка вакциналар менен айкалыштыруу коопсуз экенин аныктады. Бул тууралуу РИА Новости аталган региондун өкмөтүнө таянуу менен жазды.
Анда бейтаптардын 41,6 пайызы эч кандай реакция болбогонун айткан. 8,4 пайызынын дене табы көтөрүлүп, бели ооруган, 50 пайызынын ийне сайган жери ооруган деген маалымат берилди.
Долбоорго 18 жаштан жогорку жарандар катышууда, алар мурда коронавирус менен оорубаган адамдар болушу керек деген шарт коюлган. Изилдөөнүн алкагында вакцинанын биринчи дозасы изилдөөгө катышууга катталардан 7-45 күн мурда сайылышы керектиги айтылган.
"Изилдөө вакциналарды айкалыштыруунун коопсуздугу жогору экенин көрсөттү", — деп билдирген Саламаттык сактоо министрлиги.
Маалыматта Буэнос-Айресте вакциналарды айкалыштыруу боюнча дагы башка изилдөөлөр жүрүп жатканы, анын жыйынтыгы жакында белгилүү болору жазылган.