Ош: унаа түркүктү сүзүп, бир киши каза таап, үчөө ооруканага жеткирилди. Сүрөт

Каргаша бүгүн түштөн кийин болду. Автокөлүк түркүктү сүзгөндөн кийин оодарылып, артында отуруп бараткан жүргүнчүлөрдүн бири ошол жерден жан берген.
Sputnik

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Ош шаарында Hyunday Avante үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу түркүктү сүзүп, анын кесепетинен бир адам көз жумуп, үч киши жабыркады. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы жеринен билдирди.

Кырсык бүгүн, 31-июлда, саат 16:00 чамасында болгон. Анда Исхак Раззаков көчөсүнөн Кара-Суу районун көздөй бара жаткан автокөлүктүн айдоочусу рулду башкара албай жол четиндеги түркүктү сүзүп, оодарылып кеткен.

"Кырсыкта терезелери талкаланып, айдоочу автоунаадан ыргып кеткен. Артта отуруп бараткан жүргүнчүлөрдүн бири ошол жактан мерт кеткен. Күбөлөрдүн айтымында, алар досунун үйлөнүү тоюна келип, эс алып жүрүшкөн", — деп билдирди кабарчы.

Автоунаанын ичиндеги төрт адам тең 24 жашта болгон. Жабыркаган үчөө Кара-Суу райондук ооруканасына жеткирилди.

Окуя болгон жерде учурда Ош шаарынын кайгуул милициясы иштеп жатат, автокөлүк айып короого киргизилди.