Кыргызстанда Казань федералдык университетинин филиалы ачылат

Казань федералдык университети Россиянын алдыңкы жана эң байыркы университеттеринин бири. Бул окуу жай 1804-жылы негизделген.
Sputnik

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Кыргызстанда Казань федералдык университетинин (КФУ) филиалы ачылат. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен кабарлашты.

Буга чейин аталган маселе боюнча Кыргызстан, Татарстан президенттери Садыр Жапаров менен Рустам Миннихановдун 2021-жылдын февраль айында Москвадагы жолугушуусунда сөз болгон. Кийин министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун апрелдин соңунда Казанга барган сапарында Кыргызстанда Казань федералдык университетинин филиалын ачуу чечими кабыл алынган.

"30-июлда КФУнун Байкоочу кеңешинин мүчөлөрү өздөрүнүн жыйынында бул россиялык абройлуу университеттин Кыргызстанда филиалын түзүү чечимин бир добуштан жактырышты. Аталган окуу жайдын Байкоочу кеңешинин отурумуна президент Минниханов, ошондой эле КРдин президенттик администрациясынын жетекчисинин орун басары Жеңишбек Асанкулов башында турган кыргыз делегациясы катышты", — деп айтылат маалыматта.

Маалымат үчүн: Казань федералдык университети Россиянын алдыңкы жана эң байыркы университеттеринин бири (1804-жылы негизделген), ошондой эле жогорку илимий-техникалык базага ээ. Чет өлкөлүк студенттердин саны боюнча КФУ россиялык ЖОЖдордун арасында экинчи орунда турат.