БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Өлкөдө акыркы суткада коронавирус инфекциясын жуктурган 14 киши көз жумганын Республикалык штаб кабарлады.
Каза болгондор:
- Бишкек — 7;
- Чүй — 4;
- Талас — 1;
- Ысык-Көл — 2.
Ушуну менен Кыргызстанда жалпысынан 2325 адам коронавирустун курмандыгы болду.
Стационарда 3 831, ал эми амбулатордук түрдө 10 860 адам дарыланып жатат. Ооруканадагы 1105 бейтаптын абалы оор, ошондой эле 220 киши өтө оор абалда жатат.