Кайсы өлкөлөрдө ири апааттардан аман калса болот. Окумуштуулардын иликтөөсү

Чет элдик адистер мамлекеттер каргашалуу окуяларды, анын ичинде мээ кайнаткан ысык, суу ташкындоо жана вирустук пандемия менен кантип күрөшөрүн баалаган.
Sputnik

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Англия Раскин университетинин окумуштуулары кайсы өлкөлөрдө ири кырсыктардан сактанса болорун аныктады. Бул тууралуу "Популярная механика" сайты жазды. 

Адистер мамлекеттер каргашалуу окуяларды, анын ичинде мээ кайнаткан ысыкты, суу ташкындоо жана вирустук пандемия (коронавирустан да коркунучтуу) менен кантип күрөшөрүн баалашкан. Биринчи орунда Жаңы Зеландия, андан кийин Исландия, Улуу Британия, Австралиянын аралы Тасмания жана Ирландия турат.

Ааламда ири жаратылыш кырсыктары эмнеге болуп жатканын окумуштуулар түшүндүрдү
Эксперттер өлкөлөрдүн өзүн-өзү камсыздай алышына токтолгон. Жогоруда саналган беш мамлекет глобалдык кыйроо маалында социалдык, технологиялык жана уюштуруучулук көйгөйлөрдү жеңип кете алары аныкталган. Бешөө тең арал болгондуктан көпчүлүктөн алыс, бул эпидемия учурунда да өтө маанилүү экени айтылат.

Жаңы Зеландия биринчи сапка кыйын учурда геотермалдык жана гидроэлектр энергиясын өндүрүүнү жогорулата алары, айыл чарбага ылайыктуу жерлеринин көптүгү, калкынын санынын аздыгы менен туруштук бере алат деп илинген. Исландия, Тасмания жана Ирландияда да мындай мүмкүнчүлүктөр бар. Бирок Улуу Британияда адамзат үчүн жакшы шарттар каралганы менен калкынын көптүгү суроо жараткан.