Instagram жашы жете электердин катталуусуна чектөө киргизүүдө

Жаңы технологиялар шектүү делген колдонуучуларды табууга жардам берет. Ошондой эле алардын балдарга терс комментарий жазуусуна жол бербейт.
Sputnik

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Instagram 16 жашка чейинки колдонуучуларды каттабай турган болду. Бул тууралуу "Известия" жазды.

Instagram аккаунттун коопсуздугу үчүн жаңы функция киргизет
Мындай чечим өспүрүмдөрдү терс комментарийлерден алыс кылуу үчүн кабыл алынганы белгиленет. Ушул күндөрдөн тарта 16 жашка чыга электер Instagram тармагында чектөөгө кабылганы айтылат.

Тагыраагы, платформа жашы жете электерди жарнамаларга тартууну чектеп, шектүү аккаунттарга алардын баракчаларын табуунун алгоритмин татаалдаштырып койду.

Жаңы технологиялар шектүү делген колдонуучуларды аныктап, өспүрүмдөр менен байланыштырбаганга аракет кылат.