Жыл башынан бери импорттон алынган салыктын көлөмү 5,2 млрд. сомго көбөйдү

Бул сумма өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5 миллиард 252,6 миллион сомго же 147,8 пайызга көп экени белгиленди.
Sputnik

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 1-январынан 15-июлга чейин ЕАЭБдин алкагында бюджетке импорттун кыйыр салыгынан 16 миллиард 231,6 миллион сом түштү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Экономикалык өзгөчө кырдаал боюнча мыйзам жактырылды. Ал эмне үчүн керек
Аталган сумма өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5 миллиард 252,6 миллион сомго же 147,8 пайызга көп экени белгиленди.

Ал эми ташып келинген жүктөргө товар коштоочу документтерди бербеген фактылар боюнча 1 021 материал мобилдүү топторго өткөрүлүп берилген. Мындай материалдардын саны былтыркыдан 567ге көбөйгөн.