Эки баштуу жылан эки чычканды бир убакта жеп... Таң калтырган видео

Мичиганда сойлоп жүрүүчүлөрдүн зоопаркын негиздеген Брайан Барчик эки баштуу жыланы — Бен менен Жерри кантип тамактанарын көрсөттү.
Sputnik

Видеодон сары темгилдери бар эки баштуу күрөң жылан бир убакта эки чычканды жутуп жатканын көрүүгө болот.

Кескелдирикти кебелбей жутуп койгон кобранын видеосу
"National Geographic Россия" сайтынын жазышынча, Бен менен Жерри уусу жок жыландар. Ал АКШнын бир катар штаттары менен Мексикада кездешет. Узундугу ашып кетсе 1,5 метрге жетип, өңү агала, карала, кээде сары, күрөң, сары-кара, аппак да болот.

Мындай жыландар көбүнчө кемирүүчүлөр, канаттуулар, башка сойлоочулар жана амфибиялар менен азыктанат. Алардын жаак булчуңдары питонго караганда күчтүү келери айтылат.

Агенттик адамдарда эмбриондордун туура эмес бөлүштүрүлүшү сиам эгиздеринин төрөлүшүнөн алып келсе, жаныбарларда да ушундай көрүнүштөр болорун Бен менен Жерри тастыктап турарын белгилеген. Дүйнөдө эки баштуу жылан менен таш бакалар 10 миң учурдун бирөөсүнө туура келет. Ошондо дагы көпкө жашай албайт.