Бишкекте эмен бактарын дарылоо үчүн изилдөө жүргүзүлдү. Сүрөт

Изилдөө үчүн эксперименталдык аймакка эмен көчөттөр отургузулуп, сегиз катарга бөлүнгөн. Жетөөнө дары чачылса, бирөөсүн салыштыруу үчүн препарат себишкен эмес.
Sputnik

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Бишкекте курт жеген эмен бактарын дарылоо үчүн изилдөө жүргүзүлүп, препараттардын натыйжасы текшерилди. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Изилдөөнү Бишкек жашыл чарба муниципалдык ишканасынын агрономдору Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин алдыңкы энтомологдору Тайыр Эсеналы уулу жана Улуттук илимдер академиясынын энтомологу Иван Хегай менен биргеликте жүргүзгөн.

"Узак убакыттан бери эмен багын таарыгыч курттан сактоо алгоритмин иштеп чыгуу үчүн илимий изилдөөлөр жүргүзүлүп келет. Акыркы экспериментте зыянкечтер менен күрөшүүдө эффективдүү препаратты аныктадык", — деп айтылат маалыматта.

Изилдөө үчүн питомниктеги эксперименталдык аймакка жаш эмен көчөттөр отургузулуп, сегиз катарга бөлүнгөн. Жетөөнө дары чачылса, бирөөсүн салыштыруу үчүн атайын препарат себишкен эмес. Сыноо бир айга созулуп, препарат натыйжалуулугун 70 пайыздан 90 пайызга чейин көрсөткөн.