Ысык-Көлдө минивен аласалып кетти. Жеринен тартылган видео

Окуянын күбөлөрү окуя болгон жерди видеого тартып алышкан. Кадрдан Toyota Alphard үлгүсүндөгү минивен трассадан чыгып кетип, капталына кулап калганын көрүүгө болот.
Sputnik

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Ысык-Көл облусунда минивен аласалып кетти. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдирди.

Кырсык Тору-Айгыр айыл аймагына караштуу Кош-Көл айылында болгон. Жеринен тартылган видео "Короче" Telegram-каналына жарыяланды.

Кадрдан Toyota Alphard үлгүсүндөгү минивен трассадан чыгып кетип, капталына кулап калганын көрүүгө болот.

Алдын ала маалымат боюнча, айдоочу рулду башкара албай калгандыктан кырсыктаган. Жабыркагандар жок.