Тажикстанда афган качкындарына лагерь курула баштады

Буга чейин Тажикстан Афганистандан 100 миң качкынды кабыл алууга даяр экенин айткан. Учурда качкындарга шаарча куруу үчүн 2 миң гектар жер бөлүндү.
Sputnik

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Тажикстандын Пяндж аймагында Афганистандан качкан жарандар үчүн лагерь куруу башталды. Бул тууралуу Жайхун районунун акими Абдулхафиз Одиназодага шилтеме берип Sputnik Тажикстан жазды.

Одиназоданын айтымында, качкындарга шаарча куруу үчүн 2 миң гектар жер бөлүндү.

"Лагерди курууга акча мамлекеттик бюджеттен жана башка каржы булактардан алынат. Ошондой эле афгандыктардын тамак-ашы менен башка буюм-тайымы сакталып туруш үчүн кампалар дагы курулат", — деди ал.

Талибдер чабуул коюп, АКШ калааларды бомбалоодо. 100 миң качкын – бул башталышы гана
Буга чейин Тажикстан Афганистандан 100 миң качкынды кабыл алууга даяр экенин айткан. Ошондой эле зарылдык болсо андан дагы көп кишини киргизүүгө мүмкүндүк бар экенин кошумчалаган.

Эске салсак, Афганистандан НАТО күчтөрү акырындык менен чыгып кетип жатат. Мындан улам бир катар өлкөлөрдө ишине тыюу салынган террордук уюм деп эсептелген "Талибан" өкмөттүк күчтөр менен тирешүүдө.