Жер чийген көйнөк, түркүн жоолук... Мусулман аялдарга мода көргөзмөсүнөн сүрөттөр

Sputnik

Modest Fashion Day мода көргөзмөсү Эл аралык XII "Россия — Ислам дүйнөсү: KazanSummit" саммитинин алкагында өттү. Моделдер "Казань Экспо" борборунда подиумга чыгышты.

Толук кыз-келиндердин ажарын ачкан купальниктер. Мода жумалыгынан 12 сүрөт
Modest Fashion багыты маданият, стиль, сулуулуктан тышкары өзүнө ислам баалуулуктарын камтыйт. Тикмечилер эл алдына жер чийген адеми көйнөктөрдү, хиджаб, жоолук сыяктуу аялдардын көркүн ачкан кийимдерди алып чыгышты.

Ушул тапта Казань шаарында Эл аралык XII "Россия — Ислам дүйнөсү: KazanSummit" саммити өтүп жатат. Быйыл ага 70 мамлекеттен келген 4 миңдей адам катышууда. Анда бизнес, маданият, илим жана медицина тармактарында кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө.

"Россия — Ислам дүйнөсү: KazanSummit" — Россия менен ислам мамлекеттеринин экономикалык байланышын бекемдей турган аянтча.

1 / 14
Татарстанда мусулман кыз-келиндери үчүн мода көргөзмөсү өттү
2 / 14
Modest Fashion Day мода көргөзмөсү Эл аралык XII "Россия — Ислам дүйнөсү: KazanSummit" саммитинин алкагында болду
3 / 14
Моделдер "Казань Экспо" борборунда подиумга чыгышты
4 / 14
Modest Fashion багыты маданият, стиль, сулуулуктан тышкары, өзүнө ислам баалуулуктарын камтыйт
5 / 14
Подиумдагы аял
6 / 14
Ачык түстөгү кийимдер кыз-келиндердин көркүн ачат
7 / 14
Тикмечилер эл алдына жер чийген адеми көйнөктөрдү, хиджаб, жоолук сыяктуу аялдардын көркүн ачкан кийимдерди алып чыгышты
8 / 14
Подиумга моделдер түркүн-түрлүү жоолуктарды салынып чыгышты
9 / 14
Иш-чара Татарстандын Улуттук мода палатасынын колдоосу менен өттү
10 / 14
Ушул тарта Казань шаарында Эл аралык XII "Россия — Ислам дүйнөсү: KazanSummit" саммити өтүп жатат
11 / 14
Жоолукчан модель
12 / 14
Быйыл ага 70 мамлекеттен келген 4 миңдей адам катышууда
13 / 14
Modest Fashion Day көргөзмөсүнөн бир ирмем
14 / 14
"Россия — Ислам дүйнөсү: KazanSummit" — Россия менен ислам мамлекеттеринин экономикалык байланышын бекемдей турган аянтча