БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Ош облусунун Алай районунда автоунаа сууга түшүп кетип, эки адам каза тапты. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Кырсык Ош — Сары-Таш — Эркечтам жолунун 93-чакырымында (Кызыл-Коргон айылы) катталган. Анда Toyota Ist үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу рулга ээ боло албай оодарылып кетип, Гүлчө суусуна кулаган.
"Кырсыктан 51 жаштагы эркек киши жана 50 жаштагы аял каза болгон", — деп айтылат маалыматта.
Окуя болгон жерге ӨКМдин Алай районундагы куткаруучулары барып, маркумдардын сөөгүн суудан алып чыгып, ИИМ өкүлдөрүнө өткөрүп берген.