Чек арачылар Баткендеги контрабандалык жүктү токтотуу үчүн асманга ок атышты

Чек арадагы аскерлер кызмат өтөп жатып Кожобакырган каналынын боюнда Тажикстан тарапты көздөй кетип бара жаткан, фарасы өчүрүлгөн кичи жүк ташуучу унааны байкап калышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Баткенде аткезчилик жол менен жүк алып бараткан автоунааны токтотуу үчүн чек арачылар асманга ок чыгарууга аргасыз болушту. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, чек арачылар 30-июлга караган түнү Тажикстан тарапты көздөй бара жаткан, фарасы өчүрүлгөн кичи жүк ташуучу унааны байкап калышкан.

"Аскерлер автоунааны токтотууга аракет кылышкан, бирок айдоочу чек арада тургандардын талаптарын аткарбай жолун улаган. Мындан улам Чек ара кызматынын аскерлери эскертүү иретинде асманга ок чыгарганда айдоочу автоунаасын токтоткон", — деп айтылат маалыматта.

Кармалган адам 31 жаштагы Кыргызстандын тургуну болуп чыккан. Ал өткөрмө пунктунан сырткары Кыргызстандан Тажикстанга 3,5 тонна селитра алып өтүүгө аракет кылганы маалым болду.