Кыргызстандагы мамлекеттик нотариустар ротациялана баштады

Кызмат орундарды алмаштыруу мамлекеттик жарандык кызматчылардын потенциалын сарамжалдуу пайдалануу жана коррупцияны азайтуу максатында жасалууда.
Sputnik

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Өлкөнүн Юстиция министрлиги мамлекеттик нотариустарды ротациялоону баштады. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы билдирди.

Мындай кадам мамлекеттик жарандык кызматчылардын потенциалын сарамжалдуу пайдалануу жана коррупцияны азайтуу максатында жасалганы айтылат.

"Бүгүнкү күндө республика боюнча мамлекеттик нотариустардын штаттык саны 79 адамды түзөт. Министрлик мамлекеттик нотариустардын санын көбөйтүү жөнүндө маселени иштеп чыккан. Азыр мамлекеттик жарандык кызмат жөнүндө мыйзамга ылайык, процедуралык учурлар боюнча иш жүргүзүлүп жатат. Кошумча штаттык бирдиктер республика (же калктуу конуш) боюнча элдин жыштыгына жана мамлекеттик нотариустардын ишинин көптүгүнө жараша бөлүштүрүлгөн", — деп айтылат билдирүүдө.

Республика боюнча бардыгы болуп 54 нотариалдык контора бар, анын ичинен:

  • Бишкек шаарында – 4,
  • Ош облусунда – 8,
  • Чүй облусунда – 8,
  • Талас облусунда – 4,
  • Нарын облусунда – 5,
  • Баткен облусунда – 5,
  • Жалал-Абад облусунда – 13,
  • Ысык-Көл облусунда – 7.