Кыргызстанга AstraZeneca вакцинасы алып келинди. Видео

Бул COVAX глобалдык механизминин алкагында алып келинген биринчи партия. Препарат өлкөгө бекер берилди.
Sputnik

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Кыргызстанга AstraZeneca компаниясынын коронавируска каршы вакцинасы жеткирилди.

Бул COVAX глобалдык механизминин алкагында алып келинген биринчи партия.

Шведдик-британдык вакцинанын 226 миң дозасы алынганын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова билдирди. Анын айтымында, Кыргызстанда бул препаратты 1200 адам алды. Эске салсак, буга чейин Азербайжан ушул вакцианын 40 миң дозасын гумжардам катары жөнөткөн.

Жапаров: бир бейтапты дарылоого 1 миң доллар кетип жатат, сураныч, эмделгиле!
Кыргызстандыктар үчүн мындан башка россиялык "Спутник V", кытайлык "Vero Cell" (Sinopharm) жана казакстандык "QazVac" жеткиликтүү.

COVAX - бул Вакциналар жана иммунизация боюнча дүйнөлүк альянс жана Эпидемияларга карата даярдыкты камсыздоо жаатындагы инновация боюнча коалициясы менен биргеликте ДССУ тарабынан чыгарылган эл аралык механизм.

Программа өндүрүштүк кубаттуулуктарды түзүүнү колдойт жана сатып алууларды жүргүзөт. Анын шарттары боюнча, кирешеси жогору өлкөлөр башка мамлекеттерге жардам берүү максатында вакциналардын акчасын төлөшөт.