БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Өткөн суткада 958 адам коронавирус жуктуруп, 1 485 бейтап сакайды. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
- Бишкек – 574;
- Ош шаары – 6;
- Чүй облусу – 128;
- Ош облусу – 26;
- Талас облусу – 13;
- Нарын облусу – 24;
- Ысык-Көл облусу – 52;
- Жалал-Абад облусу – 78;
- Баткен облусу – 57.
Ушуну менен өлкөдө коронавирус аныкталгандардын жалпы саны 161 973кө жетти. Анын ичинен 142 984 бейтап айыкты.
Азыркы тапта стационарда 3 888, ал эми амбулатордук шартта 11 483 адам дарыланып жатканы айтылды.