БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Канадалык репродуктолог Норман Барвин жасалма уруктандыруу учурунда ондогон аялдарга өзүнүн уругун пайдаланып койгондугу аныкталды. Бул кылганы үчүн дарыгер мурдагы кардарларына 10,7 миллион доллар төлөп берүүгө сот аркылуу милдеттендирилгенин жергиликтүү СВС телеканалына шилтеме берип РИА Новости жазды.
Учурда 82 жашка чыккан Барвин 1973-2012-жылдар аралыгында жасалма уруктандыруу кызматтарын көрсөткөн медициналык борбордо иштеп, аялдарга өзүнүн жана бейтаптар тандабаган, башка эле адамдардын уругун салып койгон.
"2016-жылы Барвиндин кызматын мурда колдонгон 200дөн ашык киши анын үстүнөн жамааттык арыз жазган. Текшерүү учурунда булардын арасынан 17синин биологиялык атасы Барвин өзү болуп чыккан. Учурда бир топ киши кимдин баласы экенин билбейт", — деп айтылат макалада.
Маалыматка караганда, дарыгер төлөп берчү акчанын 60 миң доллары жабырлануучулардын ДНК базасын түзүүгө жумшалат. Анткени келечекте алар жакын тууганына баш кошуп албашы үчүн өздөрүнүн биологиялык атасы ким экенин таап, тууган-урук, тек-жайын билүүсү керектиги айтылат.