Кафе-ресторанда тамеки, кальян чегүүгө тыюу салынат. Мыйзам парламенттен өттү

Мыйзам долбооруна президент кол койсо күчүнө кирет. Демилгенин негизги максаты —  өспүрүм балдардын ден соолугун коргоо.
Sputnik

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Кафе-ресторандарда тамеки, электрондук тамеки жана кальян чегүүгө тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору парламентте үч окуудан колдоо тапты.

Аталган документ 2019-жылы биринчи окуудан өткөн. Демилгечи депутат Айнуру Алтыбаева пандемияны эске алуу менен экинчи окууда бир топ өзгөртүүлөр киргизилгенин билдирди. Мисалы, аэропортто, аялдамаларда тамеки чегүүгө жана сатууга коюлган чектөөлөр алып салынган.

"Муну менен тамеки чегүүгө тыюу салынбайт, албетте, биз андай чектөө киргизе албайбыз. Биз коомдук жайда чегүүгө тыюу салабыз. Тамеки чеккен адам башка кишинин таза абадан дем алуусуна тоскоолдук жаратпашы керек. Азыр тамеки чегүүгө уруксат берилген кафе-ресторандарда ден соолугу таза балдар, окуу акысын төлөйм деген студенттер иштеп жатпайбы. Ал жерде ракты пайда кылуучу аба айланып жүрөт, бул чеккен адамга караганда чекпегендерге көбүрөөк зыяны тиет", — деди Алтыбаева.

Ошондой эле ал мындай мыйзам дүйнөнүн 140 өлкөсүндө эчак эле кабыл алынганын, Россияда 2020-жылдын соңунда коомдук жайда электрондук тамеки менен кальян чегүүгө да тыюу салынганын кошумчалады.

Эми бул мыйзам долбооруна президент кол койсо күчүнө кирет.