Чүйдө беш үйдү тоноого шектелип төрт адам кармалды, бирөө өспүрүм. Сүрөт

Алар телевизор, ноутбук, фотоаппарат, акча, зер буюмдарды жана башка каражаттарды уурдап кетишкен. Зыяндын жалпы суммасы эсептелүүдө.
Sputnik

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Кырман жана Лебединовка айылдарында беш үйгө уурулукка кирген деген шек менен төрт адам кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.

Чүйдө беш үйдү тоноого шектелип төрт адам кармалды, бирөө өспүрүм. Сүрөт

Алар телевизор, ноутбук, фотоаппарат, акча, зер буюмдарды жана башка каражаттарды уурдап кетишкен. Беш факты тең Жазык кодексинин 200-беренеси ("Уурулук") менен катталган. Учурда келтирилген зыяндын суммасы эсептелип жатат.

Кыргызстанда кылмыштын кайсы түрү канчага өстү. Маанай чөгөргөн статистика
Аталган кылмышка шектүү катары 17, 18, 20, 23 жаштагы балдар кармалган. Милициянын маалыматына ылайык, шектүүлөрдүн биринин сумкасынан Макаров тапанчасынын төрт огу табылган. Ошондой эле уурдаган буюмдарын "Ош" базарына алып келип сатып жүрүшкөнү аныкталган.

ИИББ кармалгандардын башка кылмыштарга да тиешеси бар-жогун текшерип жатат.