Ошто "Биздин Кыргызстанга" мандат тиет. Партия БШКны Жогорку соттон да утту

Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкек шаардык административдик сотунун чечимине макул болбой Жогорку сотко кайрылган.
Sputnik

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Ош шаардык кеңешине шайлоодо жеңиши жокко чыгарылган "Биздин Кыргызстан" партиясы БШКны Жогорку соттон утуп алды. Бул тууралуу партия лидери, ЖК депутаты Айбек Осмонов Facebook баракчасына жазды. 

Мындай чечим чыкканын Жогорку соттун маалымат кызматы дагы тастыктады.

Белгилей кетсек, Борбордук шайлоо комиссиясы "Биздин Кыргызстанды" шайлоо өнөктүгү учурунда добуш сатып алууга айыптап жарыштан четтеткен. Буга нааразы болгон саясий уюм Бишкек шаардык административдик сотуна кайрылып, утуп алган. Бирок БШК мындай чечимге макул болбой Жогорку сотко кайрылган.

Осмоновдун билдиргенине караганда, бүгүн, 30-июлда, Жогорку сот БШКнын даттануусун четке кагып, Бишкек шаардык административдик сотунун чечимин күчүндө калтырды. Бул чечим даттанууга жатпайт.

Мугалимдер, мэрия кызматкерлери, ишкерлер. Ошто депутат болчулардын аты-жөнү
Ишти судьялар Болотбек Акматов, Замирбек Базарбеков, Дилфуза Боронбаева караган. Отурумга Акматов төрагалык кылганы жазылган. Базарбеков президенттин администрациясынын соттор жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы болуп да иштейт.

"Биздин Кыргызстан" партиясы шаардык кеңешке кайра шайлоонун алдында түзүлгөн. Жетекчиси Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов.

11-июлдагы шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча, Ош шаардык кеңешине төрт партия өткөн. Анда "Биздин Кыргызстан" 32 пайыздан ашыгыраак добуш (15 мандат) менен экинчи орунду ээлеген. Ал эми Бишкекте 7 пайыздык босогого бир аз жетпей калган.