Мурдагы аким Бишкек шаардык кеңешине вице-спикер болуп шайланды

Султанов буга чейин Ленин районунун акими болуп иштеп, өткөн жылдын 10-августунда өз арызы менен кызматтан кеткен.
Sputnik

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. "Эмгек" фракциясынын мүчөсү Токтосун Султанов Бишкек шаардык кеңешинин вице-спикери болуп шайланды.

Анын талапкерлигин көпчүлүк коалиция сунуштаган.

Бишкек шаардык кеңешинде эки фракция оппозицияда калды
Шайлоо бюллетень менен жашыруун түрдө добуш берүү аркылуу жүргүзүлдү. Натыйжада Султанов 41 депутаттын колдоосу менен төраганын орун басары кызматына шайланды. Экөө каршы, экөө калыс добушун берди.

Султанов буга чейин Ленин районунун акими болуп иштеп, өткөн жылдын 10-августунда өз арызы менен кызматтан кеткен.

Бишкек шаардык кеңешине жаңы шайланган депутаттар бүгүн мандат алып, расмий түрдө кызматка киришишти. Учурда жаңы чакырылыштын алгачкы сессиясы өтүп жатат.