Бишкек шаардык кеңешине "Ата-Журт Кыргызстандан" Конгантиев төрага болду

Талапкерлер эң көп добуш алган эки партиядан көрсөтүлдү. Шайлоо бюллетень менен жашыруун түрдө добуш берүү аркылуу жүргүзүлдү.
Sputnik

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik.Кубанычбек Конгантиев Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы болуп шайланды.

Көпчүлүк коалиция бул кызматка жалгыз талапкер катары "Ата-Журт Кыргызстандан" Конгантиевди көрсөткөн.

Шайлоо бюллетень менен жашыруун түрдө добуш берүү аркылуу жүргүзүлдү.

Бишкек шаардык кеңешинде эки фракция оппозицияда калды
Натыйжада депутаттардын 41инин макулдугу менен Конгантиев төрага болуп шайланды. Экөө каршы, экөө калыс добушун берди.

Конгантиев 2012-жылдан бери Бишкек шаардык кеңештин депутаты болуп келген. 

Бишкек шаардык кеңешине жаңы шайланган депутаттар бүгүн мандат алып, расмий түрдө кызматка киришишти. Учурда жаңы чакырылыштын алгачкы сессиясы өтүп жатат.