Бишкек шаардык кеңешинин төрагалыгына талапкер сунушталды

Жаңы шайланган депутаттар бүгүн мандат алып ант берип, расмий түрдө кызматка киришишти. Учурда алгачкы сессиясы өтүп жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Бишкек шаардык кеңешинин төрагалыгына бир талапкер сунушталды. Ал "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынан Кубанычбек Конгантиев.

Ал эми "Эмгек" фракциясынан Токтосун Султановдун төраганын орун басарлыгына талапкерлиги каралууда. 

Жаңы шайланган депутаттар бүгүн мандат алып ант берип, расмий түрдө кызматка киришишти. Учурда алгачкы сессиясы өтүп жатат.