Бишкек шаардык кеңешинде эки фракция оппозицияда калды

Көпчүлүк коалициянын лидери болуп Таалайбек Дайырбеков жана анын орун басарлыгына Олег Попиков бекитилди.
Sputnik

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Бүгүн ишин баштаган Бишкек шаардык кеңешинин коалициялык көпчүлүгү төрт партиядан куралды.

Алар — "Ата-Журт Кыргызстан", "Эмгек", "Ишеним" жана "Өнүгүү — Прогресс" фракциялары.

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын тизмеси чыкты. Аты-жөнү
Көпчүлүк коалициянын лидери болуп Таалайбек Дайырбеков ("Ишеним" фракциясы), анын орун басарлыгына Олег Попиков ("Өнүгүү — Прогресс" фракциясы) бекитилди.

Ал эми "Ынтымак" менен "Социал Демократтар" фракциялары оппозицияда калды.

Бишкек шаардык кеңешине жаңы шайланган депутаттар бүгүн мандат алып жана ант берип, расмий түрдө кызматка киришти. Учурда жаңы чакырылыштын алгачкы сессиясы өтүп жатат.