COVID жуктургандар кайсы ооруканага жаткырылат. Бишкек жана Чүйдөгү бош орундар

Өлкөнүн чар тарабынан келген бейтаптарды кабыл алган Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканада учурда 30дан ашуун бош орун бар. Бир нече жума мурда тартыш эле.
Sputnik

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Коронавирус инфекциясын жуктургандарга Бишкек менен Чүйдүн ооруканаларында 770 орун бар. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Маалымат бүгүн, 30-июль, саат 8:00гө карата берилди:

  • Улуттук хирургия борбору — 17;
  • Улуттук фтизиатрия борбору — 3.
  • Республикалык клиникалык инфекциялык оорукана — 33;
  • №2 клиникалык төрөт үйү — 26;
  • №1 шаардык клиникалык оорукана — 40;
  • №6 шаардык клиникалык оорукана — 12;
  • Улуттук кардиология жана терапия борбору — 10;
  • Чүй облустук бириктирилген оорукана — 19;
  • Улуттук госпиталь: Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары үчүн бөлүмү — 40;
  • Улуттук онкология жана гематология борбору — 39;
  • Улуттук госпиталь: урология корпусу — 27;
  • Улуттук госпиталь: мобилдик госпиталь — 28;
  • Наркология  боюнча улуттук борбор  — 30;
  • Аскердик госпиталь — 14;
  • Курортология жана калыбына келтирүү илим-изилдөө институту (Воронцовка айылы) — 199;
  • Улуттук госпиталь: нейрокорпус — 59;
  • Дайыр Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейи — 137;
  • Эне жана баланы коргоо улуттук борбору — 30;
  • КММА, Фтизиатрия борбору (№6 жатакана) — 7.

Өткөн суткада 958 адам коронавирус жуктуруп, 1 485 бейтап сакайды. Тилекке каршы, он киши көз жумду.