БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Бишкекте күндүн табы 28 градустан ашкандан кийин оор жүк ташуучу унаалардын жүрүүсүнө чектөө киргизилет. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Мындай чечим 1-сентябрга чейин иштейт. Ага ылайык, ысык болгон күндөрү саат 10:00дөн кечки 20:00гө чейин чоң унаалардын баш калаанын көчөлөрүндө жүрүүсүнө тыюу салынат.
Чектөө 7 тоннадан ашык жүк көтөргөн эң оор салмагы 18 тонна болгон көлөмдүү унааларга тиешелүү. Мындай чара шаар жолдорун сактоо жана узак мезгилге пайдалануу үчүн кабыл алынган.
Чектөөлөрдүн жүргүнчүлөрдү, гуманитардык, көлөмдүү жана атайын жүктөрдү ташуу менен алектенген, уруксат кагаздарынын негизинде колдонулган унааларга тиешеси жок. Чектөө ошондой эле жол куруу, оңдоо жана сактоо ишин жүргүзгөн мэриянын транспортторуна киргизилбейт.
Бүгүн, 29-июлда, Бишкек шаарында абанын табы 30 градустан ашты.