Бүгүн төрага депутаттарга чай берип жатат. Ресторандан тартылган видео

Быйылкы сессиянын жыйынтыкталганына байланыштуу Жогорку Кеңештин спикери сый тамак уюштурганы маалым болду.
Sputnik

БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Бишкек шаарындагы ресторандардын биринде Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов депутаттарга чай берип жатат.

ЖКнын VI чакырылышынын быйылкы сессиясынын жыйынтыкталганына байланыштуу спикердин сый тамак уюштурганы маалым болду.

Кабарчы жиберген кадрдан ресторандын алдына жолтандабастар толуп, депутаттар ичине кирип жатканын көрүүгө болот.

Белгилей кетсек, эл өкүлдөрү бүгүн кезексиз жыйындарын жыйынтыктап, каникулга тараган.

Мындан эки күн мурда депутаттарды президент Садыр Жапаров да сый тамакка чакырган эле.