Шашылыш билдирүү! Тоолуу аймактарда сел жүрүшү ыктымал

Синоптиктердин айтымында, 29-31-июлда республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарында аба ырайы өзгөрүп, нөшөрлөп жаан жаайт.
Sputnik

БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Кыргызгидромет өлкөнүн тоолуу аймактарында сел жүрүшү ыктымал экенин эскертти.

Маалыматка ылайык, 29-31-июлда республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарында аба ырайы өзгөрүп, нөшөрлөп жаан жаайт. Буга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн.