Соңку суткада 930 киши коронавирус менен ооруп калды. 29-июлдун маалыматы

Кечээки маалыматтарга караганда, бүгүн абал башкачараак, тагыраагы, Кыргызстанда COVID менен ооругандардын саны  66 кишиге аз чыккан.
Sputnik

БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Кыргызстанда акыркы суткада коронавирусту 930 адам жуктурду. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Аймактар боюнча карай келген эң көбү борбор калаада, эң азы Ош шаарында экени анык болду.

Коронавирус чыккан аймактар жана саны:

  • Бишкек - 528;
  • Ош шаары - 4;
  • Чүй облусу – 142;
  • Ош облусу – 43;
  • Талас облусу - 16;
  • Нарын облусу - 17;
  • Ысык-Көл облусу – 57;
  • Жалал-Абад облусу – 67;
  • Баткен облусу – 56.

Пандемия башталгандан тарта коронавирус жуктуруп алгандардын саны 161 015.

Эске салсак, кечээки статистикалык маалыматтардагы ооругандардын санына караганда бүгүн 66 кишиге аз чыккан.

Республикалык штабдын маалыматына таянсак, бир сутка ичинде 1 460 адам айыгып чыкты Кыргызстанда COVID-19ду жеңгендердин жалпы саны 141 499 кишиге жетти.